Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары 28-июлда быйыл январда болгон нааразылык акциясына катышкан дагы эки киши өлүм жазага тартылганын кабарлашты.
Маалыматтарда Аболфазл Сепахи Бажани менен Амирхоссейн Сафари Хоссейнабади Исфахан шаарында дарга асылганы айтылат.
Алар 8-январдагы акцияда төрт полиция кызматкеринин өлүмүнө катышы бар деп табылган. Сот жараяны кандай жүргөнү белгисиз.
Өлүм жазасы аткарылганы тууралуу маалыматтардан кийин социалдык тармактарда адамдар тобу ага нааразы болуп жатканы тууралуу видеолор жарыяланды. Исфаханда нааразы тарап менен коопсуздук күчтөрү кагылышканы да кабарланды.
Фарда радиосу билдиргендей, өкүм 28-июлда эртең менен БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча баяндамачысы Маи Сатонун билдирүүсүнөн бир нече сааттан кийин ишке ашкан. Сато БУУнун эксперттик тобу Тегеранды каршылык акцияларына байланыштуу Исфаханда өлүм жазасын токтотууга чакырганын жарыялаган.
Укук коргоочулар соттук териштирүүлөр акыйкат жүрбөгөнүн белгилеп келишет.
Укук коргоочу уюмдар январда толкундоолорду күч менен басуу маалында Иранда бери дегенде 7 миң киши каза тапканын айтып келишет. Бирок жабык өлкөдөн маалымат алуу мүмкүн болбогондуктан бул сан мындан ашат деген божомолдор бар.
Нааразылык акциялары экономикалык талаптардан башталып, кийин диниятчылардын башкаруусунан арылууга чакырган саясий ураандар жаңыра баштаган.
Ошентип былтыркы жылдын декабрында тутанган демонстрациялар Ислам жумуриятына коркунуч жараткан ири акцияга айланган.
Ошондо кармалган жүздөгөн саясий туткун менен катардагы жарандарга өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан деген же саясий жүйө менен айып тагылып, алар азыркыга чейин абакта отурат. Укук коргоочулар аларды да өлүм жазасына тартуу коркунучу жогору деп эскертишет.
Шерине