Ташкентке АКШдан депортацияланган Өзбекстандын жарандары отурган кезектеги чартердик учак 3-июлда конду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине караштуу «Дунё» маалымат агенттиги жазды.
Маалыматта алардын кайтарылышы «Өзбекстан менен Кошмо Штаттардын тиешелүү органдарынын координацияланган кызматташтыгынын жыйынтыгы» катары белгиленген. Билдирүүгө ылайык, эки тараптуу кызматташтыктын алкагында жарандардын өздүгүн тактоо жана коопсуз жеткирүүнү камсыз кылуу сыяктуу бардык уюштуруучулук жана укуктук жол-жоболор макулдашылган.
Июнь айында АКШдан 26 адам кайтарылганы кабарланган. Gazeta.uz басылмасынын маалыматына ылайык, быйыл ушундай эле каттамдар май, март жана январь айларында да уюштурулган.
Май айында өзбекстандыктар менен кошо Америкадан ондон ашуун кыргызстандык да депортацияланганы маалым болгон.
Дональд Трамп 2025-жылдын январында АКШнын президенти кызматына киришкенден кийин анын администрациясы өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды массалык түрдө депортациялоо программасын ишке ашырган.
Расмий маалыматка ылайык, Трамптын экинчи мөөнөтүнүн биринчи жылында АКШдан 600 миңден ашуун адам депортацияланып, дагы 1,9 миллион мыйзамсыз мигрант өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен.
Жыл башында «Газета» басылмасы Дональд Трамп бийликке келгенден берки бир жыл ичинде АКШдан Өзбекстанга дээрлик 700 адам депортацияланганын жазган.
Шерине