Соңку жылдары төрөттөн каза болгон энелердин саны азайганы менен көйгөй оор бойдон кала берүүдө. Кош бойлуу аялдардын 67,5% стационарларга оор же өтө оор абалда келет.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде айтты.
Адистин белгилешинче, быйыл энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 58,2% төмөндөдү.
"Алты айдын жыйынтыгына таянсак, 100 миң тирүү төрөлгөн балага карата энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 16,7ни түзүп, 11 учур катталды, 2025-жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 40,0 түзүп, 26 учур катталган", - деген Кадыралиев.
Министрдин орун басарынын айтымында, 2013-жылы көрсөткүч 100 миң тирүү төрөлгөн балага карата 39,2 ал эми 2024-жылы 25,7 учурду түзгөн.
Ал оң натыйжаны төрөткө көмөктөшүү жана энеликти коргоо кызматын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштырды.
Кадыралиев муну менен катар эне өлүмү эң орчундуу көйгөй катары калып жатканын белгилеп, буга медициналык жардамга кеч кайрылуу, кош бойлуулуктун тобокелдик факторлорун өз убагында аныктабоо, баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде байкоонун жоктугу өңдүү бир катар көйгөйлөрдү санап өттү.
Соңку үч жылда өлкөдө энелердин өлүмүнүн негизги себептери кескин түрдө өзгөрбөгөнүн, 2025-жылдагы талдоонун жыйынтыгы боюнча өлүмдүн 31,5% экстрагениталдык ооруларга, 20,8% акушердик кан кетүүгө, 18,8% өпкө артериясынын тромбоэмболиясына, 12,5% преэклампсия менен сепсиске байланыштуу болгонун кошумчалады. (ST)
Шерине