Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата маданий иш-чаралардын көбүнө көрүүчүлөр акы төлөп кирет.
Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев 12-августта "Кырчын" этно-шаарчасынын презентациясы учурунда айтканын бир катар медиалар жазышты.
Мамбеталиевдин билдиришинче, Бостеридеги "Рух Ордо", "Дордой Номад" маданий борборунда жана ат майданда өткөн концерттер менен көкбөрү, көкпардын финалына билеттер миң сомдон сатылат.
Жыйынтыктоочу салтанатка көрүүчүлөр миң сомдон 5 миң сомго чейин төлөп кирет.
Маданий иш-чаралар "Бишкек аренада", "Курманжан датка" этнографиялык музейинде дагы өтөрү белгилүү болду.
Ал эми "Кырчын" этношаарчасына кирүү акысыз. Ал жерге 500дөй боз үй тигилип, жети облустун ар бирине өзүнчө орун берилет. Министрлик шаарчанын курулушуна башында 200 млн сом каралганын, кийин дагы 50 млн кошумча бөлүнгөнүн билдирген.
Уюштуруучулар жайлоонун табигый ландшафтын сактоо үчүн курулуш иштери бүткөн аймактарга жергиликтүү табиятка ылайык чөптөрдүн уруктарын сепкенин, иш-чаралар соңуна чыкканда аймакты баштапкы калыбына келтирүү иштери жүрө турганын айткан.
Кыргызстанда быйыл VI Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.
Буга чейин спорттук, маданий жана илимий иш-чараларды, Көчмөндөр оюнунун ачылышын уюштурууга, келген конокторду, катышуучуларды - аэропорттордон, автобекеттерден жана чек арадан тосуп алууга жардамдашууга 700дөй ыктыярчы тартылганы кабарланган.
Андан тышкары беттештер өтүүчү аянтчаларда медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүмдөр жана көчмө госпиталь уюштурулуп, тез жардам бригадаларынын иши күчөтүлүп, 600дөй медицина кызматкери иштемекчи. (ST)
Шерине