Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Трамп Ормуз кысыгын "АКШнын аймагы" деп жакында жарыялай турганын билдирди

Дональд Трамп. 2026-жылдын 14-августу.
Дональд Трамп. 2026-жылдын 14-августу.

АКШ президенти Дональд Трамп «жакында», Иранды толук жеңгенден кийин, Ормуз кысыгын «Америка Кошмо Штаттарынын аймагы» деп жарыялай турганын билдирди.

14-августта Трамп Нью-Йорк штатындагы полиция академиясында тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып Иран «абдан жеңилип жатканын», чечим согуш аяктагандан кийин жарыяланарын айтты.

Ошондой эле ал Ормуз кысыгы азыр АКШ аскерлеринин толук көзөмөлүндө экенин айтып, америкалык күчтөр уруксат бермейинче бул маанилүү суу жолунан кемелер өтө албай турганын билдирди. Согушка чейин Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк базардагы мунай жана газдын болжол менен бештен бири өтүп турган.

Вашингтон да, Тегеран да кысык өз көзөмөлүндө экенин айтып келишет. Ирандын аскерий өкүлдөрү Трамптын АКШ кысыкты көзөмөлдөйт деген билдирүүсүн четке кагып, суу жолундагы кыймылды Иран өзү башкарып жатканын билдиришкен.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Трамптын соңку билдирүүсүнө жооп берип, Тегеран АКШнын коркутууларынан же күч көрсөтүүсүнөн чочубай турганын айтты. Ал X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Ормуз кысыгын ачуу же жабуу маселеси Ирандын гана ыйгарым укугунда экенин белгиледи.

Ошол эле учурда Трамп америкалыктарды Иран менен согуштан улам күйүүчү май кымбаттаганына чыдай турууга чакырды. Анын айтымында, АКШ Ирандын өзөктүк потенциалын жок кылуу менен дүйнөгө чоң кызмат көрсөтүп жатат.

Трамп акыркы күндөрү Иранга жаңы соккулар эмес, аны экономикалык басым көрсөтүү аркылуу жеңилдиктерге барууга мажбурлоо зарылдыгын айтып келет.

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы акыркы мезгилде баррелине 90 долларга жакындап, АКШда күйүүчү майдын баасы галлонуна 4 долларга чейин жетти. Трамп Ормуз кысыгын АКШнын аймагы деп жарыялоо тууралуу сөзүндө бул кадамдын укуктук же практикалык маанисин так түшүндүргөн жок.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG