Орусиянын Краснодар крайындагы Геленжик шаарында жана анын айланасында бензиндин тартыштыгы күчөдү. 21-августта акыркылардан болуп Архипо-Осиповка айылында иштеп жаткан май куюучу жайда да АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин таптакыр түгөнгөнүн «Важные истории» басылмасы жазды.
Айрым май куюучу жайлардын алдында жүздөгөн машиналар кезекке туруп, айдоочулар 16 сааттан ашык убакыт күтүүгө аргасыз болгонун айтышкан. Буга чейин Краснодар крайындагы Сочи жана башка шаарлардан да бензин тартыштыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Сочи шаарынын бийлиги шаардагы күйүүчү май маселесине байланыштуу абал «чыңалып турганын» билдирип, тургундар менен туристтерди жеке унаа менен жүрүүдөн убактылуу баш тартууга чакырды.
Орусияда күйүүчү майдын тартыштыгы августтун ортосунда кайра күчөдү. 10–15-август аралыгында кеминде алты аймакта бензин сатууга коюлган чектөөлөр кайра киргизилип же күчөтүлдү.
18-августта «Известия» басылмасы «ГдеБенз» сервисинин маалыматына таянып, бензин жана дизель майы Орусиядагы май куюучу жайлардын болгону 28,1 пайызында гана бар экенин жазган. Бир жума мурда бул көрсөткүч 41 пайызды түзгөн.
Орусиядагы күйүүчү май кризисинин негизги себептеринин бири — Украинанын куралдуу күчтөрүнүн мунай иштетүүчү заводдорго жасаган соккулары. Кризис май айынын аягында кескин күчөп, өлкөнүн 40тан ашык аймагында күйүүчү май сатууга ар кандай чектөөлөр киргизилген.
Шерине