Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Орусияда Ozon компаниясынын логистикалык борборуна сокку урулду

Чапаевск шаары. Exilenova+ Telegram каналына жарыяланган сүрөт.
Чапаевск шаары. Exilenova+ Telegram каналына жарыяланган сүрөт.

Орусиянын Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорыщев 22-августка караган түнү украин дрондору Чапаевск шаарындагы Ozon компаниясынын логистикалык борборуна сокку урганын ырастады.

Би-Би-Си орусиялык жана украиналык Telegram каналдардын маалыматына, видеолоруна таянып аталган комплекстин үстүнөн коюу түтүн көтөрүлүп жатканын жазды.

Жергиликтүү «Чапаевск Life» Telegram каналы окуя болгон аймакта жолдор жабылганын, өрт чоң аянтка жайылганын маалымдоодо.

Федорыщев ошондой эле «өнөр жай ишканаларынын биринде» зыян келтирилгенин билдирди. Буга чейин Telegram каналдар украин дрондору Новокуйбышевск мунай иштетүүчү заводун да бутага алганын жазышкан. Бул ишкана буга чейин дагы бир нече жолу соккуга кабылган.

«Учурда бир нече адам жабыркаганы белгилүү. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүүдө», — деп билдирди губернатор. Бирок ал жабыркагандар окуянын кайсы жеринде болгонун тактаган жок.

Украина буга чейин Орусиядагы ири Wildberries компаниясынын кампаларын жана логистикалык борборлорун бутага алып келди.

Ozon компаниясынын ири объектиси биринчи жолу бутага алынганы айтылууда.

Июлдун аягында украин дрондору Ozon'дун Татарстандагы кампасына да чабуул жасаган. Бирок анда кампа жабыркабаганы кабарланган.

Ozon компаниясы Чапаевск шаарындагы логистикалык жай Поволжьедеги эң ири борборлордун бири болорун жарыялаган эле. Анын жалпы аянты 135 миң чарчы метрди түзр айтылган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG