Орусиянын аскерлери 27-августка караган түнү Украинанын Одесса облусуна жапырт сокку урду.
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аймак жети сааттан ашык убакыт бою ракеталар жана дрондор менен аткыланды. Орус күчтөрү жарандык инфраструктураны бутага алган. Натыйжада Одесса шаарындагы 16 кабаттуу турак үй, эки билим берүү мекемеси, жеке турак үй, инфраструктура объектилери, элеватордун аймагы, гараждар жана автоунаалар жабыркаган. Баштапкы маалыматтарда жабыркагандар жок.
Киевдин Шевченков районунда соккунун кесепетинен гимназиялардын биринин имаратына зыян келтирилип, коммуналдык медициналык мекеменин терезелери сынганын шаар мэри Виталий Кличко билдирди. Подольск районунда дрондун калдыктары турак үйлөрдүн ортосундагы короого түшкөн. Жабыркагандар катталган эмес.
Украиналык маалымат каражаттары менен Телеграм каналдар Киевдин чет жакасында ири өрт чыкканын жазышууда. Маалыматтарга караганда, Борисполь шаарында Rozetka жана Fozzy компанияларынын кампа жайлары күйүп жатат.
Кривой Рог шаарында орус соккусунан үч адам жабыркаганын Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди. Алардын экөө ооруканага жеткирилген.
Сумы облусундагы Ромны жамаатында жарандык инфраструктура объектилери жабыркады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоровдун маалыматына ылайык, турак үйгө урулган соккудан 66 жаштагы аял каза болуп, дагы төрт адам медициналык жардам сурап кайрылган.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия Украинага эки "Оникс" кемеге каршы ракетасы, "Искандер-М"/KN-23 баллистикалык ракеталары жана 258 сокку уруучу дрон менен чабуул койгон. Украин күчтөрү алардын ичинен бир "Оникс" ракетасын, жети баллистикалык ракетаны жана 225 дронду атып түшүргөнүн билдиришти.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Киевде дрон чогултуучу цех жана логистикалык борбор, Борисполдо "Александровский" логистикалык комплекси, Запорожье менен Кривой Рогдо металлургиялык комбинаттар, Кременчукта мунай иштетүүчү завод, Одесса облусундагы Ильичевка шаарында дрон чогултуучу цех, Одесса жана Чорноморск портторунда 24 сактоочу жай, Рени портунда аскердик жүктөрдү жана күйүүчү-майлоочу материалдарды түшүрүүгө арналган инфраструктура объектилери, ошондой эле Одесса облусундагы энергетикалык объектилер бутага алынганын билдирди.
Шерине