Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Киевде Украина менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өттү

 Трамптын эки чабарманы Киевде Зеленский менен 6-сентябрда жолукту
Трамптын эки чабарманы Киевде Зеленский менен 6-сентябрда жолукту

Киевде АКШ менен Украинанын тынчтык орнотуу боюнча 6-сентябрдагы сүйлөшүүлөрү соңуна чыкты. Америкалык дипломаттар жолугушууну "мазмундуу өттү" деп баалашса, Украинанын президенти Владимир Зеленский согуш кышында да уланышы ыктымал экенин билдирди.

РБК-Украина агенттиги жолугушуу төрт сааттан ашуун убакытка созулганын жазды. Киевдеги сүйлөшүүлөр үч этап менен өттү: алгач АКШ делегациясы менен Владимир Зеленский жолукту. Андан кийин аларга президенттик кеңсенин өкүлдөрү, Украинанын тышкы чалгын кызматынын жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кошулду. Үчүнчү этапка Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкмөт башчыларынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери да катышты.

"Биз абдан маанилүү, мазмундуу жана олуттуу сүйлөшүү өткөрдүк. Бизге чоң дем берди. Бул жерде канча керек болсо ошончо калууга даярбыз», – деди Стив Уиткофф РБК-Украинага берген маегинде.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Зеленский согуш кышында да уланышы мүмкүн экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, тараптар кыш түшкөндө украиндер кандай кыйынчылыктарга кабыларын, андыктан мүмкүн болгон сырттан колдоону талкуулашкан.

АКШнын атайын өкүлү Жаред Кушнер Украинда согуш кышка чейин аяктарына кепилдик жок экенин, бирок америкалык тарап ал максатка жетүү үчүн шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

"Бул өтө татаал маселе. Бирок аракет кылабыз. Эгер ага жетише алсак, анда укмуш натыйжа болмок. Бул сөзсүз ага чейин жетишебиз дегенди билдирбейт, бирок аракет абдан маанилүү", – деди Кушнер согушту кышка чейин токтотуу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Кушнер АКШ президенти Дональд Трамп Стив Уиткофф экөөнө туруктуу тынчтык келишимине жетишүү боюнча план даярдоону тапшырганын айтты.

Ошондой эле Трамптын чабарманы алты ай мурда өткөрүлгөн үч тараптуу сүйлөшүүлөр форматына кайра кайтуу иштиктүү кадам болорун белгиледи.

Зеленский согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Донбасстын макамы негизги маселелердин бири бойдон калып жатканын айтты.

"Донбасс маселеси бир гана Донбасска тиешелүү эмес. Бул бүтүндөй согуштун маселеси деп ойлойм. Чыгыштагы фронтто биз позициябызды бекемдедик. Душман активдүү болгон жана күчтөрүн көбөйткөн аймактарда бир катар геосаясий маселелер чечилип жатат", – деди ал.

Украин президенти америкалык дипломаттардын сапары байсалдуу болгонун айтып, сүйлөшүүлөрдө бир нече жаңы сунуштар талкууланганын белгиледи.

"Чынында эле жаңы идеялар бар, биз аларды талкууладык", – деди Зеленский.

Ал ошондой эле АКШ делегациясынын келгени Киев үчүн «Patriot» абадан коргонуу системасындай эле маанилүү колдоо болгонун айтып, Украинага андай системалар абадай зарыл экенин дагы белгиледи.

Мындан тышкары, Зеленский Украина, Европа жана АКШ катышкан жаңы жолугушуу жакын арада өтөрүн жарыялады.

"Биз жакынкы убакта Украина, Европа жана Америка кайрадан жолугушмай болдук. Жолугушуу кайсы жерде өтөрү азырынча белгисиз. Балким, Украинада дагы болушу мүмкүн", – деди ал.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG