Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана Ысык-Көл көлүн коргоо фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документ климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айлана чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Ага ылайык, фонд эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн, климаттык фонддордон, каржы институттарынан, донорлордон, өнөктөштөрдөн каражат тартат жана аны бөлүштүрөт. Каражат мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын коргоого, Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоого, сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке ашырууга, мониторинг системасын өнүктүрүүгө жумшалат.
Министрлер кабинетине 1-октябрга чейин фонддун уюштуруу-укуктук формасын, каржылоо булактарын, башкаруу системасын, долбоорлорду тандоо жол-жоболорун, отчеттуулукту, ачык-айкындуулукту жана аудиттин талаптарын аныктоо тапшырмасы берилди.
Президенттин жарлыгы расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин, тактап айтканда 18-сентябрдан тартып күчүнө кирет.
Быйыл февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы элүү жылда Кыргызстандагы мөңгүлөр 16 пайызга эригенин билдирген. Ошол эле учурда тоолордогу чакан көлдөрдүн жырылуу коркунучу да сакталып турганын кошумчалаган.
2024-жылы Тоң районундагы Зындан көлү жырылып кеткен болсо, былтыр Такыр-Төр көлү эки ирет жырылып, миңдей адам коопсуз жакка көчүрүлгөн.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, Жердеги абанын табы 1,9 градуска жогорулады. Бул мөңгүлөрдүн ылдам эрүүсүнө жана андан бийик тоолордо жырылуу коркунучундагы көлдөрдүн көбөйүшүнө алып келери айтылган.
Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эрүүсүнөн пайда болгон 2 миңдей майда көл бар, алардын ичинен 600ү жырылуу коркунучунда. (КЕ)
Кыргызстанда мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо фонду түзүлөт
Шерине