Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Барскоон суусундагы балыктар өлгөн учур иликтене баштады

Кыргызстанда балыктар кырылган учур 2022-жылы дагы катталган. Токмок.
Кыргызстанда балыктар кырылган учур 2022-жылы дагы катталган. Токмок.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын 11-сентябрында Жети-Өгүз районунун Барскоон суусунда балыктар өлгөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Анын негизинде Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын
кызматкерлери, Жети-Өгүз райондук санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн.

Суунун айрым тилкелеринде балыктардын өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

"Барскоон суусунан суунун үлгүлөрү, өлгөн балыктардан тиешелүү үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Экологиялык мониторинг департаменттин Ысык-Көл регионалдык секторунун адистери тарабынан Барскоон дарыясынан суунун үлгүлөрү алынды. Министрлик тарабынан лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары расмий түрдө даяр болгондон кийин коомчулукка кошумча маалымат берилет", - деп жазылган маалыматта.

2022-жылы январь айынын башында Токмок шаарынын тегерегиндеги көлмөлөрдө форель балыгы жапырт кырылган. Балык чарба департаменти буга бир клеткалуу мите себеп болгонун билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG