Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:49

Обончу Бабаравшан Тургунбаев дүйнө салды

Бабаравшан Тургунбаев. Архив.
Бабаравшан Тургунбаев. Архив.

Белгилүү обончу Бабаравшан Тургунбаев 73 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Тургунбаев 1953-жылдын 17-майында Лейлек районунда туулган. Ал 1970-жылдардан тартып музыкант болуп эмгектенип, “Туулган жерге”, “Унутпаймын”, “Неге түшкө киресиң?” сыяктуу ырлары менен коомчулукка таанымал болгон. Лейлектеги Маданият үйүндө, мектептерде мугалим болуп эмгектенген.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Ош шаарында жашап, жергиликтүү филармонияда иштеген.

Ал "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наамга татыктуу болгон.

Маркумдун сөөгү Лейлек районунда жерге берилет.


Шерине

XS
SM
MD
LG