Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

CAFA U-17 Women’s Championship: кыргыз футболчулары чемпион болушту

Кыргызстандын футбол боюнча 17 жашка чейинки кыздар курама командасы Ташкент шаарында. 19-сентябрь, 2026-ж.
Кыргызстандын футбол боюнча 17 жашка чейинки кыздар курама командасы Ташкент шаарында. 19-сентябрь, 2026-ж.

Кыргызстандын футбол боюнча 17 жашка чейинки кыздар курама командасы CAFA U-17 Women’s Championship аталышындагы эл аралык мелдешинде алтын байгеге ээ болушту.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына караганда, Борбор Азиянын футбол ассоциациясы уюштурган чемпионат 15-сентябрдан 19-сентябрга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын, Ирандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын 17 жашка чейинки кыздар курама командалары катышты.

Кыргызстандын футболчу кыздары жалпысынан үч беттеш өткөргөн. Алгач Иран командасын 2:1 эсебинде жеңип, экинчи беттешинде өзбекстандык атаандаштары менен 0:0 эсебинде тең чыккан. 19-сентябрда жыйынтыктоочу турда Тажикстан курамасын 2:0 эсебинде утуп алган. Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын 17 жашка чейинки кыздар футбол курамасы 7 упай топтоп (Иран 6 упай, Өзбекстан 4 упай, Тажикстан 0 упай), мелдеш жадыбалында сап башына чыгып, Кыргызстандын жалпы курама командаларынын тарыхында Борбор Азиянын футбол ассоциациясы уюштурган чемпионатта алгачкы жолу алтын байгеге ээ болду. Буга чейин аталган курама команда бул чемпионатта эки жолу коло байге алган (2023-ж, 2025-ж).

CAFA U-17 Women’s Championship аталышындагы эл аралык мелдеши Борбор Азиянын футбол ассоциациясы тарабынан 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет. Алгачкы чемпионатка Кыргызстандын бул курактагы командасы катышкан эмес. Бул чемпионатта Өзбекстандын командасы үч жолу чемпион болгон (2021-ж, 2023-ж. 2025-ж). (ECh)

Шерине

XS
SM
MD
LG