Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев жумуш сапар менен Беларуска барат

Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1-2-октябрда Беларуска жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» кабарлады.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Отурумдардын күн тартибине соода-экономикалык кызматташтык жана түрдүү тармактардагы өз ара байланыш маселелери киргизилген.

Мындан тышкары, ал «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, «Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири-бирин толуктаган өнөктөштүк» аттуу пленардык сессияда сөз сүйлөйт.

Иш-чараларга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин, атап айтканда Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация жетекчилери, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.(КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG