Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Өзбек Сенаты балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдү өмүр бою кесүү сунушун жактырды

 Өзбекстандын Сенатынын имараты
 Өзбекстандын Сенатынын имараты

Өзбекстандын Сенаты 14 жашка чейинки балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдү 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Жазаны катаалдаштыруу талкуусу Наманган облусунда беш жашар кыз бакчада сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу кабар тарагандан кийин күчөдү.

Үч-Коргон районундагы мамлекеттик бакчанын 52 жаштагы чарба башчысы наристеге сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп шектелүүдө. 12-сентябрда кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган. Кыздын апасынын айтымында, зомбулук бир нече жолу кайталанган болушу мүмкүн.

Үрөй учурган бул окуядан кийин президенттик администрациянын жетекчиси Саида Мирзиёева күнөөлүүлөрдү гана эмес, баланын коопсуздугун камсыз кылбагандарды да жоопко тартууну талап кылды.

Сенат жактырган долбоордо оор сексуалдык кылмыштар үчүн 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою абакка кесүү сунушталууда.

Долбоор балдарды тергөөдө жана сотто коргоону да карайт.

Зомбулуктан жабыркаган балага иш башталгандан тартып мамлекеттин эсебинен адвокат бөлүнөт, сурак видеого жазылат.

Шектүү менен беттештирүү тергөөчүнүн, прокурордун же соттун чечими менен гана жүргүзүлөт.

Балдарга жасалган айрым сексуалдык кылмыштар үчүн канча жыл өтсө да күнөөлүү адамды жоопко тартууга болот.

Өзбекстанда 2025-жылы эле 14 жашка чейинки жеткинчектерге карата сексуалдык зомбулук фактылары боюнча 123 кылмыш иши козголгон.

Ал арада Крыгызстанда сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар үчүн жазанын пробациялык көзөмөл түрүн колдонууну карап көрүү сунушунан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратуу талабы менен кол топтоо жүрүүдө. Парламенттин басма сөз кызматы депутат "жашы жете элек балдарга ыдык көрсөткөндөр үчүн жаза чараларын жеңилдетүү тууралуу маселе көтөргөн эмес" деп билдирген.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG