Кара деңизде Болгариянын жээгине жакын жерде эки коммерциялык кеме учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылып, алардын бири чөгүп кетти. Бул тууралуу болгариялык ЖМКлар, BGNEWS жана Nova кабарлашты.
Маалыматтарда дрондор кайсы мамлекетке таандык экени айтылган эмес.
Соккуга Того жана Палау желектери астында жүргөн кемелер кабылган. Того желеги астындагы “ALFA WATAN” кемеси чөгүп кеткен. Экипаждын тагдыры тууралуу маалымат жок, куткаруу операциясы уланууда. Кемеде канча адам болгону белгисиз. Ал эми “ABLE” аттуу экинчи кемеден 18 деңизчи куткарылганы кабарланды, алардын арасында жаракат алгандар бар. Кол салуу маалында эки кеме тең Болгариянын өзгөчө экономикалык аймагында болгон, бирок анын аймагында эмес.
ЖМКлар белгилегендей, бул - Болгариянын жээгине жакын аралыкта кемелерге дрондор менен жасалган биринчи чабуул. Окуяга байланыштуу Болгариянын премьер-министри Румен Радев мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен шашылыш жыйын өткөрдү.
Азырынча Орусия да, Украина да соккулар боюнча комментарий бере элек. Marine Traffic кызматынын маалыматына ылайык, чөгүп кеткен кеме Египеттен Румынияга бара жаткан, ал эми “ABLE” кемеси Румыниядан Стамбулду көздөй багыт алган.
Буга чейин Кара деңизде Румыниянын жээгине жакын жерде дрондун чабуулунан кийин Украинанын данын Италияга ташып бараткан түркиялык “Royad Mammadov” кемеси чөгүп кеткен.
HotNews басылмасы Румыниянын Ички иштер министрлигине шилтеме кылып жазгандай, эки адам каза болуп, экипаждын 11 мүчөсү куткарылган. Украинанын президенти Владимир Зеленский кемеге Орусиянын эки дрону сокку урганын билдирген. Анын айтымында, кемеде Азербайжан менен Индиянын жарандары болгон.
Акыркы кезде Орусия Украинанын портторуна, Кара деңизде Украинага бара жаткан же андан чыгып келе жаткан кемелерге соккуларды күчөттү. Москва муну украин тараптын кемелерге чабуулдарына жооп катары түшүндүрүп келет. Орусиянын президенти Владимир Путин мындай соккуларды токтотуу боюнча кандайдыр бир келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан.
Мындан улам Орусия менен Украинадан дүйнөлүк рынокко дан ташуу азайып, эң жакыр өлкөлөрдө ачарчылык күчөшү мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда.
Шерине