Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Тажикстанда сот Германиядан депортацияланган оппозициялык активист Бобоевди 17 жылга кести

Асадулло Бобоев
Асадулло Бобоев

Тажикстанда сот Германиядан быйы июнда депортацияланган депортацияланган оппозициялык активист Асадулло Бобоевди 17 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Freedom for Eurasia (FFE) укук коргоо уюму жана "Озоди" жазды.

Мамлекеттик айыптоо ага 21 жылдык жаза сураган. Бобоевге Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча айып тагылган. Мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүү, бийликти басып алуу же өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузууга ачык чакырыктарды жасоо беренелери менен айып коюлган.

Асадулло Бобоев үй-бүлөсү менен 2017-жылы Тажикстандан чыгып кеткен. Алгач Литвага барып, кийин Германияга көчүп, башпаанек сураган. Ал тажик президети Эмомали Рахмондун режимин реформалоону жана бийликтин алмашуусун жактаган "Тажикстандагы реформалар жана өнүгүү" оппозициялык кыймылынын мүчөсү. 54 жаштагы Бобоев социалдык тармактарда Тажикстандын бийлигин байма-бай сындап келген.

2026-жылдын 8-июнунда Бобоев менен анын 19 жаштагы уулу Германиянын Клеве районунда кармалган. Аларга 1-июлга чейин Германияда калууга укугу бар экенин негиздөө үчүн мөөнөт берилген. Жактоочулар алар мекенине кайтарылса, куугунтукка кабылуу коркунучу бар экени тууралуу материалдарды тапшырганына карабастан, сот аларды Тажикстанга депортациялоо чечимин чыгарган.

20-июнда Бобоев жубайына телефон чалып, уулу экөөнү Мүнхенге алып барышканын, Дүйшөмбү шаарына учакка отургузганы жатышканын билдирген. Тажикстанга баргандан кийин күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү анын уулун чоң энесине өткөрүп беришкен, ал эми Бобоев өзү тергөө абагына камалган.

Анын жубайы жана эки кызы Германияда калууга уруксат алышкан.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG