Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Абактагы Султанбеков президентке кат жолдоп, ачык сот өткөрүүгө чакырды

Темирлан Султанбеков сотто. Бишкек шаардык соту. 10-февраль, 2026-жыл
Темирлан Султанбеков сотто. Бишкек шаардык соту. 10-февраль, 2026-жыл

Кыргызстандагы “Социал-демократтар” партиясынын лидери, жети жылга соттолгон Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоп, өз ишине байланыштуу апелляциялык сотту ачык өткөрүүгө чакырды.

Кайрылуу Султанбековдун социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды. Анда ал өзүнө карата чыккан сот өкүмүн сынга алып, бийликти саясий куугунтук жүргүзүп жатат деп айыптаган. 2020-жылдагы Октябрь окуяларында өзүнүн ролу болгонун белгилеп, Садыр Жапаровдун бийликке келишине салым кошконун жазган.

Саясатчы жана активист соттук териштирүүдө негизги далил катары көрсөтүлгөн видеого байланыштуу дооматтарын да билдирген. Анын айтымында, сотто пайдаланылган видео монтаждалган жана бурмаланган. Ошондой эле ал сот техникалык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартканын белгилеген.

"Мага жети жыл эмес, жетимиш жыл бергиле, бирок апелляциялык сотту ачык өткөргүлө. Эл баарын көрүүгө жана билүүгө укуктуу", - деп жазган ал.

Президенттин администрациясы бул кайрылууга азырынча комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 8-октябрда Темирлан Султанбековду 4 жылга, мурдагы ишин кошуп, жалпы 7 жылга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевди 4 жылга абакка кескен. Алар менен кошо айыпталган Эрмек Эрматовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесине (Кылмышты жаап-жашыруу) өзгөртүлүп, ал бир жылга пробациялык жаза алып, эркиндикке чыккан. Ал эми Кубанычбек Кадыров толук акталган.

Бул иш боюнча кине коюлган Казакстандын эки жаранынын бири сегиз жылга кесилген. Экинчи казак жараны жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөгөн деп табылып, мекенине депортацияланган.

Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев өкүмдү саясий ишмердиги менен байланыштырып келет. Алардын адвокаттары сот өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга даттанарын билдиришкен.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Кармалгандардын ичинен Султанбековго, Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (Казакстандын жарандары К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тил каты менен 9-июлда камактан бошотулган.

Адвокат Асел Аргымбаева Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөнүн айткан.

28 жаштагы Темирлан Султанбеков Социнтерн уюмунун вице-президенти.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG