Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Эки баласы менен курьер болуп иштеген аялга элден 7 миллион сом чогултулду

Балдары менен курьерлик кылган келин. Соцтармактардагы видеодон алынган сүрөт.  Бишкек. Октябрь, 2026-жыл.
Балдары менен курьерлик кылган келин. Соцтармактардагы видеодон алынган сүрөт. Бишкек. Октябрь, 2026-жыл.

Кыргызстанда эки баласын ээрчитип курьер болуп иштеген жалгыз бой энеге бир күндүн ичинде 7 миллион сом чогултулду.

Жакынкы убакта ага батир сатып берүү пландалып жатканын акча чогултууну уюштургандар социалдык тармактарда билдиришти.

Андагы маалыматтарга караганда, менчик бала бакчанын ээси келиндин эки баласын бала бакчага кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Жалгыз бой эне буйрутма жеткирип жүргөндө кичинекей кызы электр мопеддин үстүндө уктап жатканы тартылган тасма соцтармактарга жарыяланган.

Видеону социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп, окуя кызуу талкуу жараткан. Андан кийин аялга жардам чогултуу үчүн Инстаграммда өзүнчө баракча жана эсеп ачылган. Бир күндүн ичинде кыргызстандыктар эсепке 7 миллион сом которушкан.

Акча чогултууну демилгелегендердин маалымдашынча, Ажар аттуу келин күйөөсү менен ажырашып, эки баласын жалгыз тарбиялайт, батирде жашайт. Бала бакчадагы 20 миң сомдук айлыгы жетишсиз болгондуктан, кошумча курьер болуп иштөөгө жана балдарын чогуу алып жүрүүгө аргасыз.

Быйыл жазында социалдык тармактарда ымыркайын коляскага салып, жөө жүрүп буйрутма жеткирген аялдын видеосу тараган.

"Азаттык" келин менен байланышып, ал тууралуу даярдаган баяны коомчулукта чоң резонанс жараткан. Кийинчерээк Мамлекеттик ипотекалык компания ага батир берген. (ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG