Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

“Тазалык” ишканасына 92 миң сом айып пул салынды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын эн белгиси.
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын эн белгиси.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаардык мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына 92 миң сом айып пул салынганын билдирди.

Министрликтин маалыматында “Тазалыктын” автоунаалары текшерилип, машинелерден чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемден ашык экени аныкталган. Анын жыйынтыгында Укук бузуу жөнүндө кодекс боюнча төрт протокол түзүлүп, 92 миң сом айып салынган.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы ишканага автоунааларды оңдоо жана аларды техникалык кароодон өткөрүү боюнча эскертүү берди.

28-октябрда Бишкек абасы эң булганган дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде экинчи орунга чыккан.

Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда Бишкекти каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт. Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG