Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Түркмөнстанда күч органдары жардам тууралуу видеолорду соцтармактардан өчүрүүнү талап кылууда

Түркмөнстандын Ахал облусунда Улуттук коопсуздук министрлигинин (УКМ) жана полиция кызматкерлери жарандардан дары-дармек сатып алуу үчүн каржылык жардам сурап социалдык тармактарга жарыялаган видеолорун өчүрүүнү талап кылып жатышат. Жардам сурагандардын арасында майыптыгы бар адамдар жана пенсионерлер да бар. Бул тууралуу 27-октябрда аймак тургундарына шилтеме кылып "Азаттыктын" түркмөн кызматы билдирди.

Өзүн Менли деп тааныштырган тургундардын бири TikTok'ко видео жарыялагандан кийин полиция кызматкерлери үйүнө келип, аны өчүрүүнү талап кылышканын айтты. Анын айтымында, күйөөсү каза болгондон кийин майыптыгы бар баласын кароо үчүн жумушун таштоого аргасыз болгон. Мамлекеттик жөлөкпул батир акысын төлеөгө, азык-түлүккө жана дары-дармекке жетпейт.

Ал кызматкерлер баласын камсыздай албаса, аны интернатка алып кетишерин айтып коркутушканын, мындай видеолор өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирерин да эскертишкенин айтып берди.

"Алар менден кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканымды, эмне үчүн бул видеону жарыялаганымды, кайсы мекемелерге жардам сурап кайрылганымды же өздөрү кандай жардам бере аларын сурашкан жок", - деди ал.

Аймактын дагы бир тургуну күч түзүмдөрүнүн айрым кызматкерлери оор абалда калган адамдарга боору ооруганын айтканы менен видеолорду өчүрүүнү талап кылып жатышканын маалымдады.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы Ахал облусунун полиция башкармалыгынан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн комментарий ала алган жок. Редакциянын маалыматына караганда, акыркы айларда түркмөн тилдүү социалдык тармактарда башка колдонуучулардан каржылык жардам сураган видеолор көбөйдү. Бул өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар жана жумушсуздук күчөгөн учурга туш келүүдө.

Буга чейин жарандар көйгөйлөрүн чечип берүү өтүнүчү менен көбүнчө түздөн-түз президентке кайрылышчу. Азыр алар элден жардам сурап кайрылып жатышат.

Түркмөн бийлиги адатта мындай учурларга комментарий бербейт. Мамлекеттик маалымат каражаттары да социалдык тармактар аркылуу жардам сураган же өз көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылган жарандар тууралуу маалыматтарды чагылдырбайт.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG