Орусиянын башкалаасы Москванын мэри Сергей Собянин 29-октябрга караган түнү Москваны көздөй 600дөн ашуун дрон учурулуп, анын 231и атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Жабыркагандар жана зыян тууралуу маалымат жок. Москванын аэропорттору ишин токтотту.
Башкырстандагы Стерлитамак шаарында дрон соккусунан Башкыр сода компаниясында (БСК) өрт чыкканын Телеграмдагы Astra каналы жазды.
Аталган ишканага сокку болгонун Старлитамактын мэри Эмил Шаймарданов бышыктады.
Курск облусунун губернатору Александр Хинштейн аймакта дрон соккуларынан беш киши жабыркаганын, келтирилген зыяндар бар экенин маалымдады.
Перм крайында аба коркунучу тууралуу эскертүүлөр болгону тууралуу маалымат түштү.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде Орусиянын 19 аймагынан 1214 украиналык учкучсуз учак жок кылынганын жарыялады. Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болбой турат.
Орусиянын армиясы Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан өлкөнү күн сайын аткылап келет. Далилдерге карабай Москва Украинанын жарандык жайларына сокку уруп, миңдеген кишинин канына забын болуп жатканын моюнга албайт.
Согуш башталганы Украинада бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду. Чабуулдарда Орусияда да киши өмүрү кыйылган учурлар бар.
Шерине