Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Саудия хусилердин баллистикалык ракетасын атып түшүргөнүн билдирди

Түрки ал-Малки.
Түрки ал-Малки.

29-октябрда Йемендеги Иран колдогон хуси козголоңчуларына каршы Сауд Арабиясы баштаган коалиция өлкө аймагына учурган баллистикалык ракетаны абадан коргонуу күчтөрү жок кылганын маалымдады.

Коалициянын өкүлү Түрки ал-Малкинин айтымында, ракета өлкөнүн Чыгыш провинциясын көздөй багытталган. Аны абадан коргонуу каражаттары кармап, талкаланган.

Кол салуу коркунучуна байланыштуу Сауд Арабиясынын бийлиги өлкөнүн түштүк-батышындагы Нажран аймагында жана Чыгыш провинциясында эскертүү жарыялаган. Бирок бир нече мүнөттөн кийин эки аймакта тең коркунуч жоюлганы кабарланган.

Акыркы жумаларда хусилердин Сауд Арабиясына чабуулдары күчөдү. Эр-Рияддагы эл аралык аэропортко урулган ракета соккусу өлүмгө алып келди.

Төрт жыл мурда жарыяланган, бирок толук сакталбай келаткан тынчтык келишиминен кийин Йеменде согуш аракеттери быйыл июлда кайра күчөдү. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу да себеп болгону айтылууда.

Хусилер Йемендин Сауд Арабиясы колдогон эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтүнө каршы күрөшүп келет.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG