Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Олешкиден жайкын тургундарды эвакуациялоо жараяны аяктады

Олешкиден эвакуациялоо.
Олешкиден эвакуациялоо.

Украинанын Херсон облусунда Орусия көзөмөлдөгөн Олешки шаарынан тургундарды эвакуациялоо боюнча гуманитардык миссия аяктады. Бул тууралуу 30-октябрда Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова билдирди.

Анын айтымында, колонналар багыттар боюнча бөлүнүп, Украинанын көзөмөлүндөгү аймакка кетүүнү каалагандарга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эвакуациянын аяктаганын Украинанын Жогорку радасынын депутаты Давид Арахамия да ырастап, Киев көзөмөлдөгөн аймакка кетүүгө макул болгон тургундар менен украиналык делегация Орусиянын Анапа шаарына жөнөгөнүн билдирди. Анын маалыматына караганда, эвакуациялангандар учак менен Беларуска жеткирилип, андан соң автобус менен Украинага жөнөтүлөт.

Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец мындай гуманитардык миссиялар мындан ары да уланышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, Олешкидеги тажрыйба тараптардын макулдашуусу адамдарга реалдуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин көрсөттү.

АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп 25 автобус аркылуу оккупацияланган шаардан 750 адам эвакуацияланганын маалымдады.

Олешки шаары Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Орусия баштаган толук масштабдуу согушка чейин анда болжол менен 24 миң адам жашаган. Ар кандай баалоолор боюнча, акыркы убакка чейин шаарда 1,7 миңден 2 миңге чейин тургун, анын ичинде ондогон бала калган.

2023-жылы Каховка ГЭСи талкалангандан кийин шаар дээрлик толугу менен суу алдында калып, инфраструктурага олуттуу зыян келтирилген. Акыркы айларда Олешкиде азык-түлүк тартыштыгы күчөп, гуманитардык абал оорлошкону кабарланып келген.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG