Бишкекте тогуз айда 11 миң 500 даана бак-дарак отургузулуп, 1800гө жакын куураган бак кыйылды.
Бул тууралуу "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын жетекчиси Адилет Абылбеков билдирди.
Мекеменин жетекчисинин "Азаттыкка" берген маалыматында, кыйылган дарактардын ордуна 25 миңден ашуун көчөт отургузуу пландалууда.
"Куураган бактарды кыйып жатабыз. Бизде мурда бакты кыйышканы менен дүмүрүн кошо алуу тажрыйбасы болбоптур. Быйыл шаар ичиндеги 7 миңден ашуун дүмүрдү тазаладык. Былтыр 4 миңге жакын бак кыйылып, мурдагыдан калган 12500дөн ашуу дүмүр алынган", - деди Абылбеков.
Анын айтымында, Илимдер академиясына караштуу ботаникалык бактын илимпоздору борборго отургузуу үчүн ондой бакты сунуштаган. Алар "Бишкек жашыл курулуш ишканасынын" питомнигинде өстүрүлүүдө.
Буга чейин шаар тургундары жана экологдор шаар ичин инвазивдүү айлант дарагы каптап кеткенин, ал агрессивдүү болгондуктан башка жергиликтүү түрлөрдү өстүрбөй коеюрун билдиришкен.
"Бишкек жашыл курулуш ишканасы" сырттан алып келинген инвазивдүү көчөттөрдү отургузууга уруксат бербегенин, шаар ичине көчөт эгүүнү каалагандар питомникке кайрылышы керектигин эскертет.
Кечээ, 31-октябрда бул питомниктен алынган эмен жана ясен дарагынын 500дөн ашуун көчөттөрү отургузулду. Калаа башчы Айбек Жунушалиев шаар ичинде көчөттөр суу барган гана аймактарга көчөт отургузулууга тийиш экенин белгиледи.
"Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын маалыматында Бишкекти сугаруу үчүн Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен келишим түзүлгөн. Анын негизинде борбор жыл айын 4,5 куб суу алат. Мындан тышкары мекемеге караштуу 30дан ашуун скважина бар. Быйыл 7 километрге жакын ирригациялык тутумдар оңдолуп, тамчылатып сугаруучу жабдыктар алынган. (ST)
Шерине