Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

Астанада бийлик менен жолугушууну каалаган 20дан ашуун кишини полиция кармап кетти

Астана калаасы
Астана калаасы

4-ноябрда Qosymsha программасы менен иштеген кошумча билим берүү уюмдарынын 20дан ашуун өкүлү Астана шаардык акимчилигине барып, борбор калаанын жетекчилиги менен жолугушууну талап кылышкан. "Өткүр күрек" басылмасы билдиргендей, алардын баары полиция тарабынан кармалып, бөлүмгө жеткирилген.

Акимчиликтин алдына чогулгандардын айтымында, алар буга чейин да бир нече жолу акимдин же анын орун басарларына кирүүгө аракет кылышкан, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Нааразылыкка билим берүү мекемелеринде Face ID технологиясын киргизүү боюнча пилоттук долбоор себеп болгон. Уюмдардын өкүлдөрү компаниялардын бири жабдууларды тендер өткөрүлбөстөн жана тиешелүү уруксат документтери алынбастан орнотконун айтышууда.

Мындан тышкары, алар балдардын биометрикалык маалыматтары Казакстандан тышкары жерде, атап айтканда орусиялык "Яндекс" компаниясынын сервистеринде сакталышы мүмкүн деп кооптонушууда. Алар шаар бийлигинен бул системаны колдонуунун мыйзамдуулугу жана балдардын жеке маалыматтарынын коопсуздугу боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылып жатышат.

Астана бийлиги жана полиция бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Өткөн жылдын июль айында Астана шаардык акимчилиги 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн кошумча билим алууга арналган акысыз ваучерлерди бөлүштүрүүчү Qosymsha санарип платформасын пилоттук режимде ишке киргизген. Ал спорттук секцияларга жана чыгармачылык ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Расмий органдар буга чейин системанын коопсуз экенин белгилеп, ата-энелерди тынчтандырууга жана балдардын, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жеке маалыматтары корголоруна кепилдик берилерин айтышкан. Маалыматка караганда, 2025-жылы программага 25 миңден ашуун бала кирген.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG