Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү өтүүдө

“Азаттыктын” “Үркүн: Эс тутум жайлар каткан сыр” аттуу даректүү тасмасынын таанытымы.
“Азаттыктын” “Үркүн: Эс тутум жайлар каткан сыр” аттуу даректүү тасмасынын таанытымы.

Кыргызстанда бүгүн, 7-ноябрда жана эртең, 8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленүүдө. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда азыркы Кыргызстан ата-бабалардын эрдигинин жемиши экенин белгиледи:

"Бүгүнкү тынч, эркин жана өнүгүп жаткан Кыргызстан ата-бабаларыбыздын ишке ашкан кыялы, алардын эмгеги менен төгүлгөн канынын жемиши. Биз элибиздин тарыхынын жаркын да, кайгылуу да барактарын кабыл алып, андан сабак алышыбыз керек. Өткөндү урматтоо — келечек алдындагы жоопкерчиликти сезе билүү".

Мамкатчы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолу оңой да, жеңил да болбогонун, ата-бабаларыбыз мекен үчүн, элдин эркиндиги жана келечеги үчүн канын да, жанын да аябаганын айтты:

"Өзгөчө, 1916-жылдагы каргашалуу Үркүн окуясы — элибиздин эс тутумунда эч качан өчпөй турган, касиеттүү эркиндик үчүн төгүлгөн кандын жана улуу кайгынын жышааны. Ошол оор күндөр баштаган сыноолордо башын жерге салбай, туусун жыкпай, мамлекеттүүлүк үчүн аракет кылып өткөн мекенчил бабаларыбыздын эрдиги биз үчүн түбөлүктүү сабак жана сыймык. Андан кийинки советтик доордун алгачкы жылдарында мамлекеттүүлүктү куруунун жаңы этабын ачкан жана азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн инсандар — Иманаалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу улуттук лидерлер жана алардын үзөңгүлөштөрү түптөгөн негиз бүгүнкү эгемен Кыргыз Республикасынын курулушуна жол ачты. Бирок калың элдин мүдөөсүн жана эркин келечегин көксөгөн бул инсандар көп узабай совет бийлигинин катаал репрессиясынын курмандыгы болушту".

Койчиев алардын ысымдары менен тагдырлары кыргызстандыктардын эч качан унутулгус кайгысы жана абийири экенин белгиледи.

7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери календарда кызыл түс менен белгиленип келет.

«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» мыйзамдын максаты – 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана трагедиялуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, Совет доорундагы өнүгүү сабактарына жана мурастарына, XX кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине обьективдүү тарыхый баа берүү экени айтылган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган.

Быйыл 4-ноябрда Бишкекте “Азаттыктын” кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу барактардын бирине арналган “Үркүн: Эс тутум жайлар каткан сыр” аттуу даректүү тасмасынын таанытымы өттү. Тасма Үркүндүн 110 жылдыгына байланыштуу тартылган. (RK)

Үркүн. Эс тутум жайлар каткан сыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:47 0:00


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG