Ош шаарында 7-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң түп көчөт отургузулду. Көчөттөр шаардын батыш тарабында жайгашкан Керме-Тоо айылындагы тоонун бооруна тигилди.
Тоо боорундагы буга чейин пайдаланылбай турган 6 гектар аянт тосулуп, суу тартылган. Тигилген көчөттөрдүн эки миң түбү павловния, миң түп чынар жана миң түп кара жыгач. Айрым түрлөрү коңшу Өзбекстандан белек катары келгени белгилүү болду.
Шаар мэри Жанарбек Акаев бул долбоор калктуу конуштун экологиялык туруктуулугун жогорулатууга, абаны тазалоого жана шаар тургундары үчүн жагымдуу, жашыл чөйрө түзүүгө багытталганын айтты:
"Бул жер шаардын өпкөсү болуп калат, жашыл токойго айлантабыз. Жөн эле көчөт эгүү эмес, суу тарттык, тостук. Анжиян облусунун акимине терең ыраазычылык билдирем. Өткөндө барып сүйлөшкөнүбүздө павловния дарагынан 10 даана белек катары берди. Биз жылда таштак болуп жаткан жерлерди токойго айлантууну салт кылып алышыбыз керек".
Буга чейин да шаарда рекультивацияланган Учар көрүстөнүнүн ордун экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында 2,16 гектар жерге 600гө жакын көчөт отургузулган. Шаар башчысы Оштогу жалпы сегиз эски мүрзөнүн ордун да жашыл аймакка айлантуу максатын айтып келет.
Шерине