19-ноябрга караган түнү Орусия Украинанын кемелерине "Оникс" ракеталары жана учкучсуз учактар менен чабуул койду.
Украин армиясынын Аба күчтөрү 98 дрондун 69у атып түшүрүлгөнүн, 18 жерге сокку урулганын билдирди.
Харьков облусунун Чугуев шаарында көп кабаттуу үйгө урулган соккунун кесепетинен алты адам жараат алды. Бул тууралуу Харьков прокуратурасы кабарлады.
Запорожьеде орус чабуулунун натыйжасында турак жайлар жана автоунаалар өрттөнүп, эки киши жарадар болду.
Днепропетровск облусунун Никополь районунда бир адам жабыркады.
Одесса облусунун түштүгүндө өнөр жай жана энергетикалык инфраструктура объекттери зыян тартты.
Кечээ, 18-ноябрда Одессага орусиялык армиянын урган соккусунан төрт адам каза тапкан. Маркумдардын арасында жергиликтүү каналда иштеген журналист аял бар.
"Шахеддер" Одессанын борборундагы турак жай секторуна сокку урду", - деп жазды Зеленский. Адамдарга карата катаал жана атайын урулган сокку. Бул орусиялыктар чындап эмнени каалары жана дипломатиялык аракеттерге кандай карай турганынын далили", - деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Шерине