Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулары бар балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Пансион 70 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзөт. Долбоордо эки кишилик 14 номер, намазкана, 4 кызматтык кабинет, конференц-зал, спортзал, ашкана, кир жуучу жайлар, санитардык бөлмөлөр, кампалар жана башка кошумча жайлар каралган. Курулуш иштерин Турак жай-жарандык курулуш департаменти менен “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы ишке ашырып, долбоор президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Өлкөдө өсмө оорулары менен 35 миңден ашуун бейтап каттоого алынган. 2014-жылы орто эсеп менен 70 баладан рак илдети аныкталса, 2023-жылдан тартып бул көрсөткүч 200дөн ашкан. Балдарда көбүнчө курч лимфобласттык лейкоз, мээ шишиктери, нейробластома жана нефробластома диагноздору коюлат.(КЕ)
Шерине