Иран бийлиги быйылкы кышка өлкө жаратылыш газынын тартыштыгы шартында кирип жатканын эскертти. Буга газ инфраструктурасына АКШ менен Израилдин ортосундагы жаңжалда келтирилген зыян жана буга чейин эле уланып келген энергия тармагындагы көйгөйлөр себеп болууда.
21-ноябрда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкө кыш мезгилинде энергия менен камсыздоодо олуттуу кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн экенин билдирген.
Анын айтымында, газ инфраструктурасына жасалган чабуулдардын кесепетинен суткасына 240 миллион куб метр газ өндүрүү кубаттуулугу иштен чыккан. Анын 100 миллион куб метри гана калыбына келтирилген. Натыйжада дагы 140 миллион куб метрлик кубаттуулук иштебей турат.
Президент согушка чейин эле өлкөдө суткасына 250-300 миллион куб метр газ тартыштыгы болгонун белгиледи. Расмий баалоолор боюнча, быйыл кышында газ жетишсиздиги күнүнө 400-530 миллион куб метрге чейин жетиши мүмкүн.
Ирандын Улуттук газ компаниясынын жетекчиси Саид Таваколинин айтымында, кеминде 11 провинцияда газ жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Өкмөт өкүлү Фатиме Мохажерани болсо керектөө жогору бойдон калса чектөө борбор калаа Тегеранга да таасир этиши мүмкүн экенин эскерткен.
Газ тартыштыгы өнөр жай тармагына да сокку урууда. Бийлик айрым заводдорго газ берүүнү чектеген, мунун айынан цемент жана мунай-химия тармактарында өндүрүш үзгүлтүккө учураганы кабарланууда.
Иран дүйнөдөгү жаратылыш газынын эң ири запастарына ээ өлкөлөрдүн бири болгонуна карабастан көп жылдан бери ички суроо-талапты толук камсыздай албай келет. Эл аралык санкциялар, технологиялардын жетишсиздиги, эскирген кендер жана түтүк тармактары, ошондой эле энергияны ашыкча керектөө көйгөйдү ого бетер күчөтүп келет.
Шерине