Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ачкачылык иш-чарасы бардык абактарга жайылды


Кыргызстандын Жаза өтөө кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев “Азаттык” үналгысына ушул тапта 11 түрмөдө жана 6 тергөө абагында ачкачылык иш-чаралары башталды деп билдирди. Качкыналиев абакта отургандардын баары жапырт эмес, айрымдары гана бири-бирине тилектештигин билдирип ачкачылык кармап жатканын кошумчалады. "Азыр түрмөдөгү абалды жөнгөрүү үчүн штаб түзүлдү. Баш-аламандыкка жол бербөө үчүн тартип күчөтүлдү жана нааразылык чарасын уюштуруп жаткандар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деди ал.

Качкыналиевдин айтымында, абактагылар уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүнүн кармалып жатышына нааразы болуп жатышат жана мунун артында кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан Камчы Көлбаев турат. Маалыматка караганда ачкачылык, уюшма кылмыш тобунун бир мүчөсү ооруканадагы операциядан аман чыкпай калгандан кийин башталган. Качкыналиев ал адам түрмөгө өтө оор абал менен түшкөнүн, операция менен өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонун билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз түрмөлөрүндө 10 миңге жакын адам кармалып турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG