Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Дыйкандарга 10,8 млн. сомдук жеңилдетилген насыя берилди


Бул тууралуу айыл чарба министри Төрөгул Беков бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди. Министрдин маалымдашынча, жеңилдетилген насыя алуу ниетин билдирип 3 миңден ашуун арыз түшкөн. Анын ичинен 132 арыз канааттандырылып, теңинен көбүнө насыя берилди.

Өкмөт быйылкы айдап-себүү иштерине жергиликтүү дыйкандарга бир жылга 9 пайыздык үстөгү менен насыя берилерин маалымдаган. Бул үчүн 1 миллиард сом бөлүнгөн. Дыйкандар жеңилдетилген насыяны ушул айдан тарта төрт коммерциялык банктан - “Айыл Банк”, “Кыргызстан”, “Эсеп-сактык Банк” жана “Азия Банктан” алып жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG