Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Иран БУУнун Адам укугу кеңешин сындады


Ырасмий Тегеран Улуттар уюмунун Адам укугу боюнча кеңешинин Ирандагы адам укугун бузууларды иликтөө үчүн атайын тергөөчү дайындаганын сындады.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги жаңы кызмат “саясый жүйөнү көздөп, АКШдагы адам укугун бузуулардан элдин көңүлүн алагды кылуу максатында түзүлдү” деп эсептейт. Министрликтин өкүлү Рамин Мехманпарасат 25-мартта Женевада жайгашкан Адам укугу боюнча кеңеште добуш берүүгө “АКШ кысым көрсөттү” деп билдирди. Бир мурдагы же 24-марттагы добуш берүүдө атайын тергөөчү кызматын түзүү үчүн 22 добуш берилген, жетөө каршы, 14ү калыс болгон. Кеңештин 47 мүчөсү бар.
Иран Улуттар уюмунун Адам укугу боюнча кеңешине мүчө эмес.

XS
SM
MD
LG