Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

НАТО Ливиядагы операция 3 айга созулаарын боолгойт


НАТОнун жетекчилиги Ливиянын аба мейкиндигин БУУнун резолюциясына ылайык- “учактарга жабык зона” болуусун камсыздоо боюнча операция 90 күнгө созулат деп боолгойт. Бул боюнча альянстын миссиясы 28-мартта башталат. НАТОнун өкүлү Уана Гангеску айымдын 25-мартта билдиришинче, операция үч айдан кыска же узак да болушу мүмкүн.
Эл аралык коалициянын учактары Муаммар Каддафинин аскерлерине сокку урууну улантууда.

АКШнын аскерий командачылыгы жума күнү билдиришинче, соңку 24 саатта коалициячыл күчтөр Каддафинин аскерий обьектилерине 16 жолу “Томагавк” ракетасынан жана 153 жолу абадан сокку урган.

XS
SM
MD
LG