Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Абактардагы ачкачылык уланууда


Жаза өтөө кызматынын басма сөз борборуну жетекчиси Эркин Конулкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандагы бир катар түрмөлөрдө ачкачылык акциялары уланууда. Абактагылардын көбү түрмөлөрдө түзүлгөн шарттарга нааразылыгын билдиришип, берилген тамактан баш тартып жатат.

Мындай нааразылык чаралары кечээ башталган эле. Кыргызстандын Жаза өтөө кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев “Азаттык” үналгысына 11 түрмөдө жана 6 тергөө абагында ачкачылык башталды деп билдирген. Качкыналиев абакта отургандардын баары жапырт эмес, айрымдары гана бири-бирине тилектештигин билдирип ачкачылык кармап жатканын, бул аракеттерди жөнгөрүү үчүн штаб түзүлгөнүн кабарланган. Расмий маалыматка ылайык, кыргыз түрмөлөрүндө 10 миңге жакын адам кармалып турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG