Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

Кыргыз-орус космонавттары студенттер менен жолугушат


Жаштар иштери боюнча министрликтин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» кабарлашкандай, 28-мартта Кыргызстан менен Орусиянын айрым космонавттары кыргызстандык студенттер менен жолугуушуларды өткөрүшөт. Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинде өтө турган бул иш-чарага Кыргызстандын баатыры, космонавт Салижан Шарипов, Советтер Союзунун баатыры жана космонавт Анатолий Березовой, Орусиянын космонавт баатырлары Юрий Онуфриенко жана Юрий Лончаковдор катышат. Бул иш-чара алгачкы космонавт Юрий Гагариндин космоско чыккан күнүнө 50 жыл толгонуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Аны Жаштар иштери боюнча министрлик менен Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG