Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Ливиянын борборунда бир нече жарылуу болду


Триполиде бир нече катуу жарылуу болгону 1 саат мурун кабарланды. Окуянын күбөлөрү баш калаанын чекесиндеги Тажурда аскерий радар күйүп жатканын айтышты. Бул радар – эл аралык күчтөрдүн бирден-бир бутага алган жайы болчу. Радар атайын соккудан же жакын жердеги жарылуудан кийин күйүп жатканы так айтыла элек.

Ал ортодо Муаммар Каддафи аскерлер менен полиция кызматкерлери өлкөнү көзөмөлдөөнү толук колуна алса аларды кызматтан көтөрүүгө убада берди. Ошондой эле ливиялык лидер жөнөкөй жактоочуларын колдоруна курал алууга үндөдү.

Серепчилер болсо ливиялык бийлик айласы куруп калгандыктан мындай аракеттерге барып жаткандыгын айтууда. Ливиядагы Каддафинин бийлигине каршы сокку урган эл аралык коалицияда негизги жүктү АКШ, Британия жана Франциянын аба күчтөрү тартууда.

XS
SM
MD
LG