Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

“5-канал” менен “Кыргызтелекомдун” айрым кызматкерлерине кылмыш иши ачылды


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, кылмыш ишинин козголушуна 2007-2010-жылдар аралыгындагы “5-канал” телеканалы менен “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун ортосундагы келишимдин аткарылбаганы себеп болгон. Маалыматка ылайык, үч жыл аралыгында “5-канал” телеберүүлөрдү жеткирүү боюнча “Кыргызтелекомдун” кызматынан келишимдик негизде пайдаланып келген. Бирок бул мөөнөт ичинде эки тараптагы кызматкерлердин өз ара сүйлөшүүсү менен “Кыргызтелекомго” 26 миллион 40 миң сомдон ашык каражат төлөнгөн эмес. Натыйжада 2007-2010-жылдар аралыгында бул ишке катыштыгы болгон кызматкерлерге кылмыш иши козголуп, Баш прокуратура иликтөө иштерин баштады. “Кыргызтелеком” менен “5-канал” бул тууралуу түшүндүрмө бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG