Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Түштүктө ич келте илдетинин 14 учуру катталды


Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, жыл башынан бери Жалал-Абадда ич келтенин 13, Ош облусунда 1 учуру катталган. Былтыр ушул маалда Кыргызстан боюнча ич келтеге 13 адам кабылган болчу. Маалыматка ылайык, өлкөдө ичеги-карын орулары менен ооругандардын саны жаз айларынан баштап көбөйө баштайт. Мындай оорулар Ош, Жала-Абад жана Баткен облустарында көбүрөөк кездешет. Ичеги-карын оорулары таза суунун жоктугунан, өздүк гигиена сакталбагандыктан жана жер-жемиштерди жуубай колдонуудан келип чыгат. (KKs)

XS
SM
MD
LG