Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Кар көчкү жана сел коркунучу уланууда


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргенине караганда, 27-28-март күндөрү жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоо боорундагы жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот, айдоочулар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл. Бул күндөрү нөшөрлөп катуу жааган жаандан айрым аймактарда сел да жүрүшү ыктымал.

27-мартта айрым жерлерде жаан жаайт, тоолордо кар түшөт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1…6 градус, күндүз 12…17 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 11…16 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…5 , күндүз 8…13 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 4…6 градус, күндүз 14…16 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG