Эл аралык күчтөрдүн колдоосуна таянган козголоңчулар Муаммар Каддафинин көзөмөлүндөгү аймактарды кайра алууда. Ишембиде козголоңчулар стратегиялык деп саналган Аждабия, кара май шаары эсептелген Тобрукту ээлешти. Ошондой эле оппозициялык күчтөр Брега кара май портуна жакындап калганы мурда айтылган.
Франциянын аба күчтөрү ливиялык 5 учак менен 2 тик учакты Мисрата шаарынын сыртындагы аскерий базада жок кылды. Каддафинин маалымат катчысы Аждабия менен Сирте шаарларын байланыштарган жолдогу операциялар маалында эсепсиз аскерлер менен полиция кызматкерлери өлдү деп билдирди. АКШ коргоо министри Роберт Гейтс Каддафинин күчтөрү карапайым адамдарды набыт кылып жатканын айтып күнөөлөдү.