Жапониянын түндүк-чыгышындагы «Фукусима-1» атомдук станциясында жана ага жакын аймактагы радиациянын деңгээли өсүүдө. Суудагы радиациялык өлчөм кадимки абалына салыштырганда 1850 эсе жогорулады. Станциянын 2-энергоблогунда радиациянын деңгээли 10 млн эсе жогорулаганы катталып, ал жерде иштеп жаткандар коопсуз жерге чыгарылды.
«Токио Электр ишканасы» радиациянын жогорулашына реактордун активдүү бөлүгүндөгү катмардын жабыркашы себеп болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Бирок азырынча адистердин расмий бүтүмү жок.
Ишембиде «Фукусима-1» станциясына жакын океанда радиоактивдешкен йоддун өлчөмү кадимки абалынан 125 эсе көп экендигин аныкталган. Ченөө деңиз жээгинен 300 метр аралыктагы радиациялык талаада жүргүзүлгөн.