НАТО бир аптага жакын созулган сүйлөшүүдөн кийин Ливиядагы аскерий операцияларга командачылык кылууну АКШ башындагы коалициядан толук өткөрүп алганга макулдук берди. Бул жөнүндө 27-мартта НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен: "НАТО альянсы - Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык - Ливиядагы бардык аскерий операцияларды өзүнө алууну чечти. Биздин максат жарандарды жана эл жыш жайгашкан аймактарды Каддафинин режиминин чабуулунан коргоо. НАТО резолюциянын бардык аспекттерин ашык-кеми жок аткарат”,-деп билдирди. НАТО буга чейин Ливиянын аба мейкиндиги “учактарга жабык болуусун” жана каруу-жарак эмбаргосунун аткарылышын камсыздоого макул болгон.