Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

"Фукусима" АЭСи бөлгөн изотоп Массачусетске жетти


АКШнын чыгышындагы Массачусетс штатынында жаан суусунан радиоактивдүү изотоп иодин - 131дин изи табылды. Саламаттыкты сактоо кызматтарынын билдиришинче, радиоактивдүү зат 10 миң чакырымдан алыстагы Жапониянын “Фукусима” АЭСинен келген болушу мүмкүн. Бийликтер иодин штаттын калкынын ден соолугуна эч кандай зыян келтирбесин маалымдашты.

Невада, Калифорния, Гавайи, Колорадо жана Вашингтон штаттарында да адам өмүрүнө зыяны жок деңгээлде радиация байкалган.

Жапон бийликтери соңку күндөрү “Фукусима” АЭСинде радиациянын деңгээли кескин жогорулап кетип, 11-марттагы жер титирөө жана цунамиде зыян тарткан реакторлорду калыбына келтирүү иштери кыйындап кеткенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG