Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Батыштан баш паанек издегендер азайууда


Батыш өлкөлөрүнөн баш паанек издегендердин саны былтыр мурдагы жылдарга салыштырганда аз болгон. Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар агенттигинин маалымдашынча, өткөн жылы өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдөн баш паанек сурап, 358 800 адам арыз берген. Бул 2009-жылдагыдан 5 пайызга, ал эми 2001-жылдагыдан 42 пайызга аз.
Бирок АКШда башын батырууну каалагандардын саны дале көп. 2010-жылы эле АКШга баш паанек сурап, 55 500 адам кайрылган. БУУнун Качкындар агенттигинин башчысы Антони Гутеррес качкындардын азайуусуна мигранттар көздөгөн өлкөлөрдө көзөмөлдүн күчөтүлгөнү таасир эткенби же өлкөдөгү жагдайбы, анын себептери изилдөөнү талап кыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG