Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Кыргызстанда "Уикипедия" жумалыгы башталды


Бүгүн Кыргызстанда “Сорос-Кыргызстан” корунун колдоосу алдында “Уикипедия” интернеттеги энциклопедиясынын жумалыгы башталды. Иш-чара 1-апрелге чейин уланат. Бул тууралуу аталган кор жарыя кылат.

“Уикипедия” жумалыгына адис катары “Азаттык” үналгысынын веб-редактору, “Уикипедияга” кыргыз тилинде эң көп макала жазгандардын бири Тынчтыкбек Чоротегин (800дөн ашуун маалымат калтырган) чакырылган. Бир апта ичинде Т.Чоротегин өлкөдөгү беш жогорку окуу жайда студенттер жана илимий чөйрөнүн адамдары үчүн “Уикипедия” тууралуу лекция окуп, аталган интернет энциклопедиясына маалымат жазуу боюнча практикалык окууларды өткөрөт.

Кыргызстанда интернет кошуна өлкөлөргө караганда кеңири жайылганы айтылса да, “Уикипедияга” маалымат калтыруу жагынан ошол эле коңшу мамлекеттер алдыда. (IJz)

XS
SM
MD
LG