Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Жаза өтөө кызматы абактарда абал туруктуу экенин айтууда


Жаза өтөө кызматынын жетекчиси Калыбек Качкыналиев “Азаттыкка” билдиргендей, ушул тапта өлкөдөгү бардык түрмөлөрдө кырдаал туруктуу жана көзөмөлдө турат. 25-марттан берки түрмөлөрдөгү ачкачылык акциясына байланыштуу жабыркагандар, ден соолугу начарлагандар болгон жок. Анын айтымында, бир гана 27-түрмөдөн кургак учук менен ооруган бир адам оорусу күчөп кетип кайтыш болду. У.Качкыналиевдин айтымында, жазасын өтөп аткандардын уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнүн кармалышына байланыштуу талаптары мыйзамсыз, ал эми акциянын артында кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери турат.

25-мартта абактагылар түрмөдө шарттын начардыгына байланыштуу мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштаганын кабарлашкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG