Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Галеев: "Кумтөрдүн" киреше тууралуу маалыматы шек туудурат


14 жыл аралыгында “Кумтөр” алтын кенин иштеткен канадалык компания 3 миллиард 680 миллион доллар киреше көрсө, Кыргызстандын бюджетине болгону 342 миллион доллар түшкөн. Бул жалпы кирешенин 9,3 пайызын гана түзөт. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өткөн экономикалык форумда геолог, эксперт Гани Галеев билдиргенин “Кабар” агенттиги жазып чыкты. Г.Галеевдин айтымында, мындай жыйынтык 1994-жылы эле аталган кенди иштетүү боюнча башкы келишим кыргыз тарапка пайдасы аз негизде түзүлгөнүнөн улам болуп отурат. Галеев кенден түшкөн киреше тууралуу канадалык компания берген маалыматтар шек туудурарын жана чыныгы кирешенин өлчөмү жарыялангандан көп болушу ыктымалдыгын айтты.

“Кумтөрдү” иштеткен канадалык компания азырынча мындай билдирүүгө комментарий бере элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG