Бүгүн Адам укуктары комитети парламенттик угуу өткөрүп, акыйкатчынын жылдык баяндамасын угушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
Анда аталган комитет акыйкатчынын баяндамасын угуп, "эске алынды" деген чечим чыгарды. Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу баштаган айрым комитет мүчөлөрү экинчи пункт катары акыйкатчынын ишин канааттандырарлык эмес деп табуу сунушун парламентке сунушташты.
Турсунбек Акундун айтымында, мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш акыйкатчынын баяндамасын угуп, “эске алынды” же “эске алынган” жок деп гана баа бере алат. Бирок парламент акыйкатчынын иши боюнча “канааттандырарлык эмес” деп чечим чыгара албайт. Муну ал көптөн берки атаандашы Турсунбай Бакир уулу уюштуруп жатат деп эсептээрин айтууда. Ал эми Адам укуктары комитетинин мүчөсү Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы институту сонку кездери эч кимге баш ийбеген органга айланып кеткенин, мындан ары акыйкатчынын иши канааттандырарлык эмес деп табылса, аны парламент кызматынан алууга укуктуу болушу керектигин айтууда. (IJz)